Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 17-6
Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” 2018-жылдын 19- майындагы №49 мыйзамынын 7-беренесине негизинде, Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Шарипбек уулу Дилзаттын арызын канааттандыруу максатында, айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт дарыясынын суу сактагычтагы чөң көпүрөнүн батыш тарабынан жалпы аянты 1,65 га сайдын ичинен кум шагал казып алууга ижарага 5 жылга макулдук берилсин.
2. Жер участогун каттоодон өткөрүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |