Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 17-7
Жерди менчикке алуу жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 18-октябрь 2019-жылдагы №592 жана Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 18-октябрь 2019-жылдагы №0113/199 аныктамаларына ылайык, айыл чарба жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Мундуз айылыныны батыш тарабындагы 0,042 га жер аянты муниципиалдык жер катары менчикке алынып каттоодон өткөрүлсүн.
2. Жер участогун каттоодон өткөрүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |