Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 17-8
Мектепке кошумча имарат жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Таштак айылындагы О.Муратов атындагы орто мектебинде кошумча класстар үчүн имарат куруу боюнча айыл өкмөттүн башкы адиси А.Сулаймановдун баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы О.Муратов атындагы орто мектеби ээлеген муниципиалдык жердин ичине кошумча имарат курууга уруксат берилсин.
2. Жер участогун каттоодон өткөрүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |