Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-марты № 18-1
КАСА-1000” долбоорунун негизинде “Датка-Сутд” 500 кВ аба чубалгасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
“Датка-Сутд” 500 кВ аба чубалгасын куруу боюнча жер тандоо комиссиясынын актысын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомун ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13, 25 жана 62 беренелерине ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Датка-Сутд” 500 кВ аба чубалгасын курууда 27 мамы орнотуу үчүн жалпы аянты 11244 м2, өлчөмүндө жер тилкесин 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга бөлүнүп берилсин, анын ичинен 5650 м2 кайракы айдоо, 484 м2 кысыр аңыз 400 м2 чөп чабынды, 4085 м2 жайыт жана 625 м2 пайдаланылбаган жер.
2. Аталган жер тилкелерин айыл чарба багытынан өнөр жай унаа, байланыш, коргоо жана башка багыттарга которуу Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдогу кайракы айдоо фондунун кайракы айдоо жерлерге мамылар орното турган 11244 м2 жер аянтына которуу (трансформациялоо) жогорку органдардан суралсын.
4. Мамылар орнотулган муниципиалдык менчиктеги жана жеке менчиктеги жерлер үчүн компенсация төлөө жагы “КАСА-1000” долбоорунан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Матиевге жүктөлсүн.
6. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |