Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-апрели № 19-1
Муктаж үй бүлөлөргө жардам көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен Сузак районуна бөлүнгөн акча каражатын, Сузак мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-апрелиндеги №94-б буйругунун негизинде айыл өкмөттүн аймагындагы азык-түлүк жардамга муктаж болуп жаткан үй бүлөлөргө ажыратылган 200,0 миң сом акча каражатын даректүү жеткирүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовдун кайрылуусунун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен турмуштун оор кырдаалында турган жарандарды азык түлүк продукциялары менен камсыздоо Сузак райондук комиссиясынан ажыратылган 200,0 миң сом акча каражатын айылдардагы жардамга муктаж болуп жаткан үй бүлөлөргө туура жана даректүү колдоо көрсөтүү айыл өкмөттө түзүлгөн жардамдарды кабыл алуу жана таратуу комиссиясынын протоколунун негизинде бөлүштүрүлсүн.
2. Келип түшкөн акча каражатын айыл өкмөттүн атайын эсептеги 70111 башкаруу бөлүмүнүн 2218-беренесине жумшоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |