Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-апрели № 19-2
Кызыл Туу айыл аймагындагы таза суу системасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын негиздеп, Талаа-Булак айылы, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасы жана Кызыл-Сеңир айылындагы МХО участкасындагы таза суу системаларын тартуу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановдун маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы Талаа-Булак айылы, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасы жана Кызыл-Сеңир айылындагы МХО участкасындагы таза суу системаларын тартуу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 2024-жылга чейин чет элдик донорлор, демөөрчүлөр, жергиликтүү бюджет булактарынан тарабынан каржылоо колго алынсын.
2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |