Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июну № 20-1
Штаттык ырааттама жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтомунун негизинде Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Р.Джумаевдин билдирүүсүнүн негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төргасынын 1 (Бир) бирдик жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын 1 (Бир) бирдик кызмат орундарынын штаттык ырааттамасы 2020-жылдын 1-июлунан тартып бекитилсин.
2. Сузак райондук финансы башкармасы аркылуу эмгек акы фонду боюнча өзгөртүү киргизүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |