Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
2020-жылдын 16-июну №14
Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы арыкка лоток орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы арыкка лоток орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы арыкка лоток орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 148 870 (бир жүз кырк сегиз миң сегиз жүз жетимиш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |