Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №15
Прокуратура кызматкерлерине кызматтык үй куруу жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын муниципалдык балансындагы жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу жөнүндөгү 0005002 сандуу акт менен катталган 165 чарчы метр жер тилкеси учурда пайдаланылбай жаткандыктан, жер тилкесин прокуратура кызматкерлерине кызматтык үй куруу жөнүндөгү, Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун негизинде "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 19-бөлүгүнө жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинине, муниципалдык баланста турган 165 чарчы метр жер тилкеге прокуратура кызматкерлерине кызматтык үй куруу маселесин кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" №571, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" №535 токтомдоруна ылайык иш алынып барылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |