Загрузка документа…
2020-жылдын 26-февралы № 2
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевдин билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 2020-жылды“Региондорду өнүктүрү,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган Жарлыкты турмушка ашыруу максатында, Дотациялуу калктуу конуштарда ачылган артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында айыл чарба багытындагы эмес башка жерге, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү завод куруу жана инвестиция тартуу жолу менен кайракы жерге бак отургузуу максатында,Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Э.Доолаталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган Жарлыкты турмушка ашыруу максатында, дотациялуу калктуу конуштарда ачылган артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында айыл чарба багытындагы эмес башка жерге, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү завод курууга жана инвестиция тартуу жолу менен 100(жүз) га кайракы жерге, айыл тургундарынын арызына негиз мөмөлүү бак өстүрүүгө бөлүнүп берилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагында “Багбанчылыкты өнүктүрүү жана жайылтуу долбоору”,Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн стратегиялык планына киргизилсин.
3. Айыл чарба багытындагы эмес башка жерге, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү завод курууга жана 100(жүз) га кайракы жерге мөмө берүүчү бак дарак отургузууга, инвестиция жана долбоор тартуу жагы инвестиция жана долбоорлор менен иш алып баруучу адис Т.Сатаркуловко жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Сайдыкум айыл аймагынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Токторбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |