Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы № 4
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы эски кампанын ичинен ижарага берүү жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХII –сессиясы, Кызыл-Ай айылынын тургуну Жакыпов Алтынбектин арызына негиз жана муниципалдык менчиктеги жерди ижаралоо жана сатуу боюнча комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ай айылынын тургуну Жакыпов Алтынбектин арызына негиз жана муниципалдык менчиктеги жерди ижаралоо жана сатуу боюнча комиссиясынын сунушун жактырылсын жана Кызыл-Ай айылындагы эски кампанын имаратынан 5(беш) жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
2. Кызыл-Ай айылынын тургуну Жакыпов Алтынбекке ижара акысын өз убагында төлөп туруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдураимовко жүктөлсун.
Төрага | Б. Турсункулов |