Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы № 5
Сайдыкум айылдык Кеңешинин иш-планы жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХXII-сессиясы Кеңештин иш-планын угуп жана талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айылдык Кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш-планы кабыл алынсын.
2. Туруктуу комиссиялардын иш-планы Кеңештин иш-планынын негизинде даярдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |
«БЕКИТЕМИН»
2020-жылдын “26”-февраль
Сайдыкум айылдык Кеңешинин
төрагасы: ________ Б.Турсункулов
Сайдыкум айылдык Кеңешинин 2020-жылга
ИШ-ПЛАНЫ
№ | Маселелер | Аткаруучу, А\А жооптуу адиси | Маселе боюнча жооптуу А\Ктин туруктуу комиссиясы | Мөөнөтү | Эскертүү |
| Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу |
|
|
|
|
1 | Айылдык Кеңештин 2020-жылга карата иш-планын талкуулап, бекитүү | А/К төрагасы | А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар | I квартал |
|
2 | 2020-жылга жергиликтүү бюджетти кабыл алуу жана бекитүү | А/Ктин сессиясы | А.Ирисов,Бюджет, жана экономикалык пландоо боюнча туруктуу комиссия. | I квартал |
|
3 | 2019-жылда жергиликтүү бюжеттин аткарылышы боюнча ФЭБтин башчысынын отчетун угуу | ФЭБтин башчысы, | А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар | I квартал |
|
4 | Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭбтин башчысынын 2020-жылдагы 6 айлык отчетун угуу | ФЭБтин башчысы, | А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар | III квартал |
|
5 | Аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу |
|
|
|
|
6 | Айыл аймактын 2019-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2020-жылга каралган иш-чаралар жөнүндө Айыл Өкмөттүн башчысынын отчетун угуу | Айыл Өкмөттүн башчысы | А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар | I квартал |
|
7 | Сайдыкум жайыт комитетинин 2019-жылга аткарган иштери жана 2020-жылга карата иш-пландарын карап, бекитүү | Жайыт комитетинин төрагасы | А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар | I квартал |
|
8 | Аймактын социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардан инвестиция тартуу | А/Атын соц адиси жана юристи | А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар | II квартал |
|
9 | Региондорду өнүктүрүү,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата,айыл аймагындагы балдарга карата зордук зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө угуу | Айыл өкмөтүнүн соцадиси | Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия | III-квартал |
|
10 | Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу |
|
|
|
|
11 | Калктуу конуштардагы курулмаларды курууда архитектууралык ченемдердин жана эрежелерин сактоо боюнча алып барылып жаткан иштерди кароо. | А\Өнүн айыл чарба боюнча башкы адис-жер адис | Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия |
|
|
12 | Мамлекеттик фондунун жерлерине түзүлгөн келишимдердин шарттарын кайра карап чыгуу сарамжалуу жана эффективдүү пайдаланууга көмөк көрсөтүү жана көзөмөлдөө. | А\Өнүн айыл чарба боюнча башкы адис-жер адис | Айыл чарба,курулуш,транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссия | II квартал |
|
13 | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу. |
|
|
|
|
14 | Укук бузуулардын алдын алууда, аракечтикке жана бангилике каршы күрөшүүдө участкалык милициянын жүргүзгөн иштерин угуу. | ПОМдун башчысы,участкалык инспеторлор | Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия | II квартал |
|
15 | Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү |
|
|
|
|
16 | Аймактагы мектептердин жана балдар бакчаларынын имараттарынын ремонту жана кышка карата даярдыктарын көзөмөлдөө. | Айылдык Кеңеш,Айыл өкмөтү | Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана экология боюнча туруктуу комиссия | III квартал |
|
17 | Ыксыз чыгымдарды жана ашыкча каада салттагы ысырапкерчиликтин жана салттуу эмес диний агымдардын алдын алуу |
|
| III квартал |
|
18 | Ыксыз чыгымдарды жана ашыкча каада салттагы ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча иш чаралардын аткарылышы боюнча маалыматты угуу | Айыл өкмөтүнүн орун басары | Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия | IV квартал |
|
19 | Салттуу эмес, экстремисттик диний агымдардын таасирин азайтуу жана жаштардын арасында туура исламды түшүндүрүү иштери боюнча маалымат угуу | А\Өнүн башчысынын орун басары, имамдар, участкалык инспекторлор | Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия | IV квартал |
|
20 | Айыл аймагында өтө коркунучтуу жугуштуу оорулардын бири Короновирус (COVID-19) оорусун алдын алуу жана бул илдеттин жайылышына жол бербөө боюнча көмөк көрсөтүү жана көзөмөлдөө | Айылдык Кеңеш,Айыл өкмөтү | Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана экология боюнча туруктуу комиссия | II-квартал |
|
Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы: А.Атабекова