Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы №6
Сайдыкум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын тургуну, Газиева Шарипа жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш жеткинчектерди тарбиялап окутууда өзүнүн чоң салымын кошкон Чоң-Курулуш айылынын тургуну, мурунку Чоң-Курулуш атындагы башталгыч мектебинин директору болуп иштеген Газиева Шарипага Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчун,төш белгилерди жасатууга кеткен акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Б. Турсункулов |