Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июлу № 6
Сайдикум айыл аймагынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мароторий киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин айыл өкмөттүн токтомдору бар болуп, жеке турак үйлөр курулуп калган сугат айдоо жер аянттарын калктуу конуш категориясына которуу жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мароторий киргизүү жөнундө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин айыл өкмөттүн токтому менен жеке турак үйлөргө сугат айдоо жерлеринен берилип кеткен жерлерди которууга (трансформациялоого) даярдалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомун ишке ашыруу максатында айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Сайдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагында “Сугат айдоо жерлерин, жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мароторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин айыл өкмөттүн токтому менен жеке турак үйлөргө сугат айдоо жерлеринен берилип кеткен жалпысы 46.0 га болгон жерлерди которуу (трасформациялоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилишине сунушталсын.
2. Сайдыкум айыл аймагында калктуу конуш категориясына которууга сунушталган 46.0 га жер аянттынын тийиштүү иш кагаздарын даярдап, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер боюнча комиссиянын кароосуна жиберүү Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер адиси З.Кимсановко тапшырылсын.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Сайдыкум айыл аймагынын расмий Seidikum.kg веб сайтына жарыялансын.
Төрага | Б. Турсункулов |