Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-майы №1
Коронавирус инфекциясы(СОVID-19) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2020-жылдагы Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын(СОVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү №163 токтомун, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин мобилдик топторду түзүү боюнча буйругуна негиз, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасын аткарууга алып, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагында, Коронавирустук инфекциясын (СОVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алууну күчөтүү жана калк арасында санитардык-эпидемиологиялык абалды камсыздоо максатында жана кырдаал жакшырганга чейин Ж.Асанов орто мектебинин имаратынын алдында жайланышкан жатак мектебинин имараты убактылуу обсерватория болуп даярдалсын.
2. Ж.Асанов орто мектебинин имаратынын алдында жайланышкан жатак мектебинин имараты убактылуу обсерватория болгондуктан, айыл өкмөтү дотатцияда отургандыгына байланыштуу ал жерге кызмат көрсөтүүгө жаткырылуучу мобилдик топко, тамак ашы үчүн акча каражаты, бөлүнүп берилбесин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |