Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-майы №2
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын шайлоочуларын,эки шайлоо участкасына бөлүү жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын шайлоочуларынын суроо талабын канааттандыруу максатында, шайлоочулардын жалпы саны 2500 шайлоочудан ашык болгондуктан,Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-пункутунун талаптарына ылайык, аткаруу максатында Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын шайлоочуларынын суроо талабын канааттандыруу максатында,шайлоочулардын жалпы саны 2500 шайлоочудан ашык болгондуктан,Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-пункутунун талаптарына ылайык, Кызыл-Ай айылынын шайлоочулары, эки шайлоо участкасына бөлүнсүн.
2. №2137-Кызыл-Ай шайлоо участкасын экиге бөлүү жана жаңы шайлоо участкасын түзүү боюнча уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө аткаруу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде Кызыл-Ай айылында жаңы шайлоо участкасын түзүп берүү жагы Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |