Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-майы № 3
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевдин билдирүүсү жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.02.2019-жылдагы №85-токтомун аткарууга алып,Сайдыкум айыл аймагынын Падачы мазар участкасындагы, 10,0 (он) га жер аянтын,Сайдыкум айыл аймагынын тургундарына, турак жай салуу үчүн жер ажыратып берүү жагын, Айыл өкмөтү, турак жай жөнүндөгү мыйзамга таянып, 0,06(алты) сотыхтан чечип берүүсү милдеттендирилсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Турак-жай курууга жер участкаларын берүү боюнча комиссиясы,өз ишин ачык айкындуулуктун, коллегиялуулуктун жана ак ниеттүүлүк принциптеринде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы №177-токтомуна ылайык жүргүзүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко милдеттендирилсин
Төрага | Б. Турсункулов |