Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-майы № 4
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевдин билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги ”Кыргызмамжердолборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын катына негиз,Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын катын аткарууда, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргызмамжердолборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын, Базар-Коргон районунун административдик аймагындагы Сайдыкум айыл аймагынын, чек араларын тактоо иштерин жүргүзүүгө 300,0(үч жүз)миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагынын чек араларын тактоо иштерин жүргүзүүгө бөлүнгөн акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |