Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-майы № 5
Электр мамычалары жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы,Сайдыкум айыл аймагындагы айылдарга келген электр мамычаларын,Базар-Коргон райондук электр тармактар башкармалыгына кайтарымсыз өткөрүп берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай,Чоң-Курулуш,Турпак-Коргон Сейдикум,Хажир-Абад,Чек айылдарынын көчөлөрүндөгү жаңы орнотулган 52(элүү эки) даана электр мамычалары, Базар-Коргон райондук электр тармактар башкармалыгына кайтарымсыз өткөрүп берилсин.
2. Базар-Коргон райондук электр тармактар башкармалыгына кайтарымсыз өткөрүп берилген 52(элүү эки) даана электр мамычаларынын тийиштүү иш кагаздарын тактоо жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |