Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАКСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 1
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылда “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы” кирешесин чыгымдоо жөнүндө
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликүү 2019-жылдын II кварталында ашыкча түшкөн 686,4 (алты жүз сексен алты) миң сом 14151200- “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы” кирешесин чыгымдоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Жапарбек кызы Наргизанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын II кварталлында кошумча түшкөн 686,4 миң сом акча каражаты -70111 разделинен “Башкаруу органы” 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” статьясынан 255,0(эки жүз элүү беш) миң сомго, 2231 “электр энергиясына акы төлөө” статьясынан 20,0(жыйырма) миң сомго 2214 “Транспорт кызмат көрсөтүүлөр” статьясынан 30,0(отуз) миң сом бөлүнүп чыгымдалсын.
70911”Мектепке чейинки билим берүү” 2221 “Мүлкү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” статьясынан 60,0(алтымыш) миң сомго чыгымдалсын.
70921 “Билим берүү” 2215 “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу” сатьясынан 50,0(элүү)миң сомго 2221, “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” статьясынан 20,0(жыйырма) миң сомго, 2231 “Электр энергиясына акы төлөө” 51,4(элүү бир миң төрт жүз) мин сомго, 31112 “Имараттар жана курулуштар” статьясынан 200,0(эки жүз) миң сомго, баардыгы болуп 686,4 (алты жүз сексен алты миң төрт жүз) миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Бул токтом Базар-Коргон райондук каржы бөлүмү менен макулдашылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |