Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАКСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 3
Талдуу-Булак айылөкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловтун билдирүүсү жөнүндө
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылда өтө турган Эл жана турак-жай фонддун каттоо өнөктүгүнө байланыштуу Талдуу-Булак айыл аймагынын айылдарындагы ат коюулбаган көчөлөрүнө ат коюу жана турак-жайларга катар сан берүү жагы аткарууга алынсын.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Көк-Алма айылынын А.Төрөбеков көчөсүнүн батыш тарабындагы көчөгө Садиров Советбектин аты ыйгарылсын. Ал эми А.Төрөбеков көчөсүнүн чыгыш тарабындагы көчөгө Ынтымак көчөсү деп аталсын. Багыш-Бий көчөсүнүн түштүк тарабындагы көчөгө Жаңыбаев Таши көчөсү деп аталсын. Айдаралы-Ажы көчөсүнүн түштүк тарабындагы көчөгө Паязова Азизанын аты ыйгарылсын. Ак-Тыт айылындагы М.Нурматов көчөсүнөн кийинки көчөгө Жоробай кызы Гулнаранын аты, андан кийинки көчөгө Багышов Калбайдын аты ыйгарылсын.Үч-Булак айылындагы Кой-Багар участкасындагы А.Насиров көчөсүнөн кийинки көчөгө Абдукаримов Абдужалилдин аты ыйгарылсын. Кой-Багар участкасындагы ат коюулбаган көчөгө Тажибаев Ибрагимдин аты ыйгарылсын. Тегерек-Жангак участкасындагы көчөгө Осмонов Рахимжандын аты ыйгарылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Арзыматовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |