Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАКСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 6
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловтун билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомун аткаруу үчүн, Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары 2009-жылдын 31-июлуна чейин өз алдынча турак-жай куруп жиберген тургундарынын турак-жайларын мыйзамдаштыруу максатында Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жылдын 31-июлуна чейин өз алдынча турак-жай куруп жиберген Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Үч-Булак айылынын Малай участкасынын № 51,52,58,59,70, 663 контурундагы, Тегерек-Жаңгак участкасындагы № 1101 контурундагы, Каба айылындагы № 1478,1507,1509 контурундагы, Ак-Тыт айылындагы № 624, 627, 653 контурундагы айыл тургундарынын турак-жайлары мыйзамдаштырылсын.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүндө 2009-жылдын 31-июлуна чейин өз алдынча турак-жай куруп жиберген тургундарынын турак-жайларынын иш кагаздарын даярдап берүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |