Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАКСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата Карыжы министрлиги тарабынан бөлүнгөн акча каражатын 2019-жылдын IIIкварталынын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “ Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата Каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын 2019-жылдын III кварталынын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Жапарбек кызы Наргизанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 70111 разделинен “ Башкаруу органы”, 3111- “ Имараттар жана курулуштар” статьясынан 1050000 (бир миллион элүү миң) сомго, 70921 “Билим берүү” 3111-“ Имараттар жана курулуштар” статьясынан 950,0(тогуз жүз элүү) миң сомго, айыл өкмөтү боюнча бардыгы 2 000 000 (эки миллион) сомго көйбөйтүлсүн.
2. Бул токтом Базар-Коргон райондук каржы бөлүмү менен макулдашылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |