Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 2
Жайыт маселеси жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Мамакеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVIII сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн чегиндеги мамлекеттик запастагы 22480 га жерди айыл өкмөттүн ЖПБне келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин
2. Жайлоого чыккан жайыт пайдалануучуларга: жайлоого көчүү 10-майдан 10-июнга чейин, жайлоодон көчүп кетүү 5-сентябрдан 15-сентябрга чейин деген чек коюлсун.
3. Элдин субай малдарын 1-апрелге чейин жайлоого айдоого тыюу салынсын.
4. Жайыттын инфраструктурасын жогорулатуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Мамакеевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |