Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 3
Атуулдардан түшкөн арыздар жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVIII сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү аты аталган атуулдарга атасынын огородунун ашыкча жеринен жер тилкеси бөлүнүп берилсин. Осмонбеков Урматбек 0,05 га
Мырзабеков Бектурсун 0.05 га
Болотбек у Чынарбек 0.08 га
2. Тиешелүү документтерин тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Жусупбек уулу Бектурсунга жүктөлсүн.
3. Чалдыбар айылында жалпы элдик чогулуш өткөрүлүп, малдарды Кара-Дөбөдөн 15-апрелден чыгарып 15-ноябрга чейин киргизбөө жагы белгиленсин деп чек коюп чогулуштун токтомун жайыт комитетине берилсин.
Төрага | Т. Малабеков |