Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 6
Айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде актооч алуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Миңбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVIII сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт маселеси жөнүндө жана кошуна айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы жерлердин чек арасын тактоо үчүн келишимдин негизинде билимдүү адвокат алып иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Аткарыла турган иштер боюнча адвокат менен келишим түзүү жагы жана жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Миңбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |