Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 6
Сузак айылынын наамы жок көчөсүнө наам берүү жөнүндө
Сузак айылынын Таштак сай участкасынын ОсОО “Мухаммед ажы” кыш заводуна барган жолго наам берүү боюнча 20.01.2020-жылдагы кайрылууну канаатандыруу максатында, ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кеңештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айылынын Таштак сай участкасынын ОсОО “Мухаммед ажы” кыш заводуна барган жолго “Мухаммед ажы” наамы берилсин.
2. Токтомдогу наам берилген көчөнүн тазалыгын, санитардык абалын,көрктөндүрүү,көчөгө жарыткычттарды орнотуу, үйлөргө номер илүү жана көзөмөлдөө У. Мухаммедовтордун үй-бүлөсүнө милдендерилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл башчыга жана айылдык кеңештин соц. маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Хакимов Ж. |