Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты № 198/39-7
“Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2019-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча отчету жөнүндө”
Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2019-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча ММБнын башчысы М.С.Курамаевдин отчетун , шаардык кеңештин өндүрүш , курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Кара-Көл шаарынын ММБгы 2019-жыл ичинде Кара-Көл шаардык кеңешинин токтомдорун аткаруу боюнча иш алып барышкан.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-жылдагы № 152/27-7 сандуу токтому менен 2018-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражатты жумшоого түзүлгөн иш -чаралар реестрине ылайык иш алып барылган. Иш-чаралар реестринде 7 ишке каражат каралып, аткаруу пландалган. Анын ичинен 6 иш муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аткарууга алынган. План боюнча иш жүргөн. Тендерлер өткөрүлгөн. Тендерлердин жыйынтыгына ылайык келишимдер түзүлгөн жана аткарылган.
Бекташ көчөсүнө курула турган спорт комплекстин долбоорун экспертизадан өткөрүүгө 120,миң сом каралган. Ош шаарындагы мамлекеттик экспертиза департаменти менен 13,4 миң сомго келишим түзүлгөн. 106, 6 миң сомду пайдалануу боюнча муниципалдык менчик башкармалыгынан сунуштар түшкөн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен 29.10.2019-жылы Бекташ көчөсүндөгү “ Кеңеш” аллеясына брусчатканы орнотуу үчүн кум сатып алууга 80,0 миң сом бөлүнгөн. Тендер жарыяланган. Тендердин жыйынтыгы менен 78,0 миң сомго келишим түзүлгөн.
Ошондой эле туруктуу комиссиянын 19.12.2019-жылдагы чечими менен архитектура кызматтарына 26,6 миң бөлүнгөн жана каржыланып берилген.
Кара-Көл шаар ичиндеги көчөлөрдү жарыктандырууга 300 даана прожектор, шаймандары менен сатып алууга бөлүнгөн каражатка жарыяланган тендердин жыйынтыгы менен келишим түзүлүп, прожекторлор сатып алынган. Учурда прожекторлорду орнотуу иштери толук бүтө элек.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-жылдагы № 153/27-7 сандуу токтомунун 5-тиркемесинде Кара-Көл шаардык мэриянын 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын иш планынын реестринде 11 иш -чара каралган.
Кара-Көл шаарынын Бекташ көчөсүнө спорт комплексин куруу үчүн 30072, 9 миң сомго тендер жарыяланган. Тендердин жыйынтыгы менен “ Контакт Акн” ЖЧК сы менен 23092,9 миң сомго келишим түзүлгөн. 2019-жылдын бюджетинен 11615,0 миң сом каралган. Бул сумманын 9292, 0 миң сому каржыланган. 2323,0 миң сому иштетилбей , кредитордук карыз болуп калган. Келишим боюнча пландалган жумуш толугу менен аткарылган эмес.
Кара-Көл шаарынын көчөлөрүнө 10 даана комплект балдар аянтчаларын, тренажордук аянтча сатып алууга 2000,0 миң сом каралган. Тендердин жыйынтыгы менен “Жалалабадмонтажстрой” ЖЧКсы менен 1500,1 миң сомго келишим түзүлгөн. Анын ичинен 750,0 миң сому каржыланып, калган 750,1 миң сому кредитордук карыз болуп калган. Бул иш 50% пайызга аткарылган.
Кара-Көл шаардык аскер коммисариатынын имаратынын чатырын жабуу иштери толугу менен аткарылган.
Жол белгилерин чийүүчү аппарат жана керектелүүчү сыр (краска) , газ баллон сатып алууга 320,0 миң сом каралган. Тендердин жыйынтыгы менен “ Ваш поставщик” ЖЧКсы менен газ баллон сатып алууга 228, 1миң сомго, “ Экспо ЛТД” ЖЧКсы менен жол белгилерин чийүүчү сыр ( краска) сатып алууга 53, 6 сомго келишим түзүлгөн. Бул иш аткарылган.
Шаардык борбордук китепкананын жылуулук тутумун ТГЭСКнын борбордук жылуулук тутумуна туташтырууга 316,7 миң сом каралган. Тендердин жыйынтыгы менен “ Промастер Кейджи” ЖЧКсы менен 242,2 миң сомго келишим түзүлгөн. Бул иш аткарылган. Бүгүнкү күндө шаардагы борбордук китепкана жылуулук менен камсыз болууда.
Шаардык борбордук китепкана менен шаардык кеңештин эшиктерин алмаштырууга пластик эшиктерди сатып алууга 126,0 миң сом каралган. Тендердин жыйынтыгы менен Н. Сабырбеков менен келишим түзүлүп, эшиктер орнотулган. Бул иш-чара аткарылган.
Кетмен-Төбө шаарчасындагы К.Б.Хуриев атындагы мектептин чатырын жабуу учурунда келип чыккан кошумча иштерге 307,7 миң сом каралган. Тендердин жыйынтыгы менен “ Сафира” ЖЧКсы менен 299,0 миң сомго келишим түзүлгөн. Иш-чара аткарылган.
Кара-Көл шаарынын борбордук көрүстөнүнө бастырма жана отургучтарды жасоого материал сатып алууга 147,3 миң сом каралган. Тендердин жыйынтыгы менен Б.Т.Шайлообаев менен 140,4 миң сомго келишим түзүлүп, иш аткарылган. Материалдар сатып алынган. Бирок бастырма жана отургучтар жасатылган эмес.
Бекташ көчөсүнө аллеяга тротуар жасоого брусчатка, цемент жана 20 даана чатырчасы менен отургуч сатып алууга 385,0 миң сом каралган. Тендердин жыйынтыгы менен “ Экспо ЛТД” ЖЧКсы жана “ Ваш поставщик” ЖЧКсы менен 362,2 миң сомго келишим түзүлгөн. Келишим аткарылган.
ММБна бөлүнгөн каражаттарга тендер өткөрүлүп, тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Шаар ичиндеги жолбун иттер аттырылган. 87,8 миң сомго өрт өчүрүүчү шаймандар сатып алынып, мектептерге таркатылып берилген.
352,3 миң сомго 160 даана жол белгилери сатылып алынган. Бирок ушул убакка чейин орнотула элек.
Кара-Көл шаарынын көчөлөрүнө жасалма тосмолор жасатылган. Ал стандартка жооп бербейт. Шаар тургундарынан кайрылуулар, арыздануулар болууда. Жасалма бетон тосмолорду алдыруу жана стандарттуу тосмолорду орнотуу керек.
Тендерлер кеч өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу түзүлгөн келишимдердин бардыгы толук аткарылган эмес. Ошондуктан бюджет бекитилгенден кийин эле тендерге жарыялоону баштап, жылдын аягына чейин пландаган иштерди бүтүрүү зарыл.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2019-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча отчету, шаардык кеңештин өндүрүш , курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2019-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча ММБнын башчысы М.С.Курамаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев) 2019-жылга пландалып, бирок толук бүтпөй калган иштерди 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө бүтүрүү жүктөлсүн.
4. Шаардык бюджет бекитилгенден кийин эле тендерлерди жарыялоону баштап, тендердин жыйынтыгы менен түзүлгөн келишимдерде ишти аткаруунун мөөнөтүн белгилеп, түзүлгөн келишим боюнча жасалып жаткан иштердин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарылуусун иш аткаруучудан талап кылуу муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С. Курамаев) жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Н. Кыргызалиев |