Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты № 200/39-7
Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2019-жылда аткарылышы жана 2019-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчету
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 44-беренесинин 8-бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2019-жылда аткарылышы жана 2019-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчетун жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап чыгып Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2019-жылда аткарылышы жана 2019-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчету жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрү эске алынсын жана Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлдөө шаардык, кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров), бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Н. Кыргызалиев |