Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты № 201/39-7
Кара-Көл шаарында коронавирустун алдын алуу боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө
Кара-Көл шаарында коронавирустун алдын алуу боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 2020-жылдын 9-мартындагы № 06-1/623 сандуу кайрылуусун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу республикалык, областтык, шаардык денгээлде коронавирустун Кыргызстанга кирүүсүн алдын алуу боюнча ыкчам штабдар түзүлгөн. Ыкчам штабдардын протоколдук чечимдеринде абал турукташканга чейин эл аралык конференцияларды, семинарларды жана башка маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.
Кара-Көл шаар аймагынын кафелеринде, түнкү клубдарда көп сандаган калктын катышуусунда тойлор жана ар кандай салттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул жагдайда коронавирустун жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу иштеринин жүрүшүнө тоскоолдук жаралат.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаарынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылтылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды күчөтүү максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэриясы ( И.М.Еркеев) :
- Кара-Көл шаарынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын;
-калк арасында, анын ичинде Бишкек-Ош автожолундагы ашкана ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
-коронавирус инфекциясы катталган өлкөлөрдөн келген бардык жарандарга милдеттүү медициналык байкоо жүргүзүүнү көзөмөлгө алсын.
2. Абал турукташканга чейин төмөнкүлөргө убактылуу тыюу салынсын:
- маданий-массалык иш-чараларды, семинарларды, конференцияларды, спорттук
иш-чараларды, улуттук ат оюндарды өткөрүүгө;
- кафелерде жана башка коомдук жайларда көп сандаган элдин катышуусунда той
жана ар кандай салттык иш-чараларды өткөрүүгө;
- түнкү компьютердик клубдардын иштөөсүнө .
3. Кара-Көл шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык –
эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору ( Т.К.Касымбеков) калк арасында жана
шаар ичиндеги ашканаларда коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча
түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана шаар аймагындагы санитардык абалдын
сакталышын көзөмөлгө алсын.
4. Кара-Көл шаарынын ардагерлер кеңешинин каада-салт, үрп-адат, диний ырым-
жырым маселелери боюнча комиссиясы ( К.Көлбаев) жана шаардын баш
имам-хатиби ( Б.Керезбаев) шаар аймагында каада-салт, үрп-адат, диний
ырым-жырымдарды өткөрүүдө Кара-Көл шаар аймагына коронавирустун
кирүүсүн алдын алуу жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук
инфекциялардын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин
жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэрине
(И.М.Еркеев), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика,
укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология,
дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Н. Кыргызалиев |