Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты № 202/39-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.10.2018-жылдагы № 110/21-7 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы М.С.Курамаевдин Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.10.2018-жылдагы №110/21-7 сандуу токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндө кайрылуусун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
10.10.2018-жылы “Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө” Кара-Көл шаардык кеңешинин № 110/21-7 сандуу токтому менен Кара-Көл шаарынын Каипов көчөсүндө жайгашкан аянты 5616,0 м2 жер тилкеси “ Дата Центр” ишканасын куруу үчүн “Джейди Энерджи” жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Бул токтом аткарылган эмес. “Дата центр” ишканасы курулган эмес. Ошол себептен токтомду жокко чыгаруу керек. Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.10.2018-жылдагы № 110/21-7 сандуу “Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына
(И.М.Еркеев) , көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика,
укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология,
дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Н. Кыргызалиев |