Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-майы № 14
КБФнун жерлерин мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында ишкерлерди колдоо жана айыл өкмөтүнүн бюджетине киреше киргизүү максатында мамлекеттик фонддун жерлерин пайдаланууга берүүдөн мурда каттоодон өткөрүү зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамына негиздеп, Сузак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Кыр-Жол айылынын Таш-Акур участкасындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан «Аска Стоун» жоопкерчилиги чектелген коомуна ыйгарылган №6165 ТЕ лицензиясынын аянтына туура келген №308 контурунан 5,4 га, №309 контурунан 1,16 га айыл чарбасындагы кайракы айдоо жана №296 контурундагы 1,05 га айыл чарбасындагы чөп орок жер аянттарын мамлекеттик фонду жерлеринен алып, Сузак айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берилсин.
2. Бекитип берилген жер аянттарына мөөнөтсүз пайдаланууга болгон укуктарды каттап берүү жагы Cузак рай.мам.жер катоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана уюштуруу жагы Сузак айыл өкмөтүнүн тапшырылсын.
4. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Сузак айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
Төрага | Ж.Хакимов |