Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 21-майы № 1
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Өмүралиевдин билдирүүсү жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелиндеги Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Өмүралиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. 2021-жылдын 11-апрелиндеги Нарын шаардык Кеңешине 7 (жети) фракциядан шайланган 31 депутаттык ыйгарым укуктары анык деп табылсын.
Төрага | С.Кудайбергенова |