Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021- жыл дын 21-майы № 1
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 37-беренесин жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 27-главасын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин “Ынтымак” коалициясынын чечимине жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирген эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы №2 протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы 1-уюштуруу сессиясында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколдорунун чечимдери бекитилсин.
2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп, “Ынтымак” көпчүлүк коалициясынан “Ордо” фракциясынын депутаты Молдосалиев Автандил Жыргалбаевич Нарын шаардык Кеңешинин 1-уюштуруу сессиясына катышкан 31 (отуз бир) депутаттын 18 (он сегизинин) добушун алгандыктан, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Төрага | С.Кудайбергенова |