Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-июну № 1
Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 284 токтомуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 53-54-главаларына ылайык Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүн угуп Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1, №2 протоколдору бекитилсин.
2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1, №2 протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан, 19 депутаттын добушун алган талапкер Болотбеков Самарбек Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелсин.
Төрага | А.Молдосалиев |