Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 3
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объектилеринин курулушуна Жерге-Тал айыл аймагына тийиштүү жер аянттары боюнча ушул эле айыл аймагынын Жаңы-Талап айылынын 2019-жылдын 12-июлундагы жалпы элдик чогулушунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу жобосуна таянып, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин курулушуна бөлүнүп берилүүчү сугат айдоо 19,79 га, жайыт 1,3 га, жалпы 21,09 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана алынбай калган пайданы мыйзам чегинде толтуруп берүү жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо иши Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш. Жумабековага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жерге-Тал айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп jergetal.naryn-region.kg веб-сайгына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук, актыдарынын мамлекеттик реестрике киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Өмүров |