Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-февралы № 36/1
Катышты: 7 айылдык кеңештин депутаты.
Күн тартибиндеги маселе:
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Табышов Алмазбектин жазган кайрылуусун кароо жөнүндө.
Жогорудагы кайрылууну карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVI кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагындагы Кызыл-Жылдыз айылында курула турган күрөш залына М. Иманалиев атындагы орто мектебинин жер аянтынан тиешелүү жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Жылдыз айылында курула турган күрөш залынын тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |