Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-июлу № 4/1
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндөгү Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын 05.03.2020-жылдагы №3 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына тийиштүү жер аянттары боюнча ушул эле айыл аймагынын 2019-жылдын 12-июлундагы жалпы элдик чогулушунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын №145 мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу жобосуна ылайык, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 21,09 га мамлекеттик менчиктеги жерлерди (19,79 га сугат айдоо (контур №2-1,69 га, №3-8,80 га, №3-4,0 га, №3-5,3 га), 1,3 га жайыт (контур №1-1,3 га)) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо иши Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Жерге-Тал айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | М.Турганалиев |