Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-июлу № 4/3
Жалгыз-Терек айылындагы ичүүчү таза суусунун күйүп кеткен насосуна акча каражатын кароо жөнүндө.
Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылынын тургундарынын 2021-жылдын 12-июлундагы жазган кайрылуусу, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Сыдыгалиевдин билдирүүсүнүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01-январь 2021-жылдын башына калган калдык акча каражатынан төмөндөгү статьяга ылайык каралып берилсин:
22221100 – 60 000 сом (алтымыш миң сом).
Жалпы сумма: 60 000 сом (алтымыш миң сом).
2. Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча которуп берүү жага Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Амановага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жерге-Тал айыл өкмөттүн башчысы К.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Турганалиев |