Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-июлу № 4/4
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жыл башына калган калдыктан бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылындагы «Жалгыз-Терек Жоогазындары» бала бакчасынын башчысы Г. Мүсүралиеванын 2021-жылдын 15-июлундагы жазган кайрылуусунда ремонт иштерине акча каражат керек болуп жаткандыктан жыл башындагы бала бакчага конфорка алуу үчүн каралган акча каражатын 3112 ст негизинде каралган 70 000 сомду (жетимиш миң сом) ремонт иштерине жылдырып берүүсүн карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жыл башына калган акча каражатынын сметасына өзгөртүү киргизилсин;
2. Акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык жылдырылып берилсин;
31123290 – 70 000 сом (жетимиш миң сом).
22211100 – 70 000 сом (жетимиш миң сом).
3. Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча жылдырып берүү жага Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Амановага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жерге-Тал айыл өкмөттүн башчысы К.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Турганалиев |