Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-июну № 3/1
Жерге-Тал айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылдын 28-июнундагы №5 токтомун бекитип берүү жөнүндө.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевдин билдирүүсү жана жайыт пайдалануучулардын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылдын 28-июнундагы №5 токтому бекитилсин.
2. Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу «Кыргоо» участкасына Жумалиев Ишенбай, «Тешик» участкасына Сарбашов Жумабек 2021-жылдын 1-октябрына чейин корукчу болуп дайындалсын.
3. Ар бир корукчуга бир үйүр жылкы жана беш баш саан уй кармоого уруксаат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Турганалиев |