Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 04-февралы № 05
Достук айыл аймагындагы жергиликтүү салыктардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылыштагы II кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Достук айыл аймагынын жергиликтүү салыктардын төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1. Достук айылына келип иштеген жеке фирмалар тазалык салым жыйынына киши башына айына -100сом, ичүүчү таза сууга – 10 сом тɵлɵɵ жагы белгиленсин.
Ат-Башы ГЭСтин 1 жылга төлөнүүчү тазалык жыйымы киши башына -100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бир жылга түтүн башына тазалык жыйымы -100сом
Айына суу жыйымы салыгы жан башына - 5 сом
3. Айыл өкмөтүнүн чарба китебинде каттоодо туруп, бирок убактылуу жашабагандарга тазалык жыйым жана таза суу салыгына 100% женилдиктер берилсин.
Ушул кирешелер 2021-жыл ичинде өндүрүлүп кириштелсин.
Төрага К. ϴмүрканов