Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-августу № 4
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана Нарын шаарынын экономикалык – социалдык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон эмгектерин эске алып, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын "Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
-Кожоканов Мурат Асанович
-Чыңгышов Абдылдабек Алсеитович
-Барыктабасова Ракыйма Шаршеевна
-Кандыбаева Баян Шекебаевна
-Абылова Гүлзат Сардарбековна
-Мөндүрбаева Токтор
-Касымбаева Төлөнбүбү
- Исаков Талантбек Өмүрович
- Түлкүбаева Нуржан Тукешовна
- Базаркулов Арстанбек Келдибекович
- Тыныбекова Айсулуу Болотовна
- Акматалиев Эрназар Кубатбекович
- Бакасов Улан Болотбекович
2. Жобого ылайык жогорудагы наам ыйгарылган жарандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев