Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-январы № 27/6
Чет-Нура айыл аймагына караштуу бала бакчаларга барган балдардын ата-энелердин бала бакчага болгон төлөмүн жогорулатуу жөнүндө
Азыркы базар экономикасындагы баалардын кымбатташы, балдардын тамак-ашына тийгизген таасирин карап чыгып,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекет тарабынан балдардын тамагы үчүн 18 сом каралып жаткандыгына байланыштуу, учурда базар экономикасында баалар кымбаттап тамак-аштын баалары жогорулап жаткандыктан, ата-энелик төлөмдү 1 балага күнүнө 25 сом өлчөмүндө ата-энелердин макулдугу менен жогорулатылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: Т.Сыдыкбеков