Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
2021-жылдын 20-январы № 27/9
Кыргыз Республикасынын «Салык» кодексинин №337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык» кодексинин №337-беренесинин 6- пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер аянттарына буга чейинки сессиянын чечими менен көбөйтүп 1 га жер аянтына 196 сом алынып келет, учурдагы кризиске, баалардын кымбатташына байланыштуу,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы 1 га жер аянтына жер салыгын 1,5 эсе көтөрүү менен башкача айтканда мурдагы алынып жаткан 198 сом жер салыгына 98 сом өлчөмүндө жер салыгы кошулуп жалпысынан 297 сом алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: Т.Сыдыкбеков