Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 31-марты № 29/1
Чет-Нура айылдык кеңешинин 2021-жылга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жазгы айдап-себүү, көчүү-конуу, корук, мал багуунун жана жер айдоо, чөп чабуунун тарифтерин бекитүү, айыл чарба багытындагы жерлерди ирээтке келтирүү, ишембилик кылуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине ылайык Чет-Нура айыл аймагынын карамагындагы ар бир айылдын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорун угуп, талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз ХХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык кеңешинин 2021-жылга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жазгы айдап-себүү, көчүү-конуу, корук, мал багуунун жана жер айдоо, чөп чабуунун тарифтерин бекитүү, айыл чарба багытындагы жерлерди ирээтке келтирүү, ишембилик кылуу жөнүндө ар бир айылдын жалпы элдик чогулушунун токтомдору бекитилип иш алып барылсын.
Орто-Саз айылынын тургундарынын 30.03.21-жылдагы №2 протоколу
Ак-Кыя айылынын тургундарынын 30.03.21-жылдагы №1 протоколу
Чет-Нура айылынын тургундарынын 29.03.21-жылдагы №1 протоколу
Орто-Нура айылынын тургундарынын 29.03.21-жылдагы №1 протоколу
Ак-Булуң айылынын тургундарынын 25.03.21-жылдагы №1 протоколу
Ийри-Суу айылынын тургундарынын 25.03.21-жылдагы №1 протоколу
Төш-Булак айылынын тургундарынын 25.03.21-жылдагы №1 протоколу
2. Ар бир айыл башчы өздөрүнүн айылдарынын жалпы тургундарынын чоглушунудагы элдик токтомун аткарууга алып, мыйзам чегинде иш алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: Т.Сыдыкбеков