Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясынын
2021-жылдын 18-августу № 5/2
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү реестр боюнча кароо жөнүндө.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнө демөөрчүлөр жана айыл өкмөтүнүн «Өнүктүрүү фонду» тарабынан келген дан жыйноочу үч комбайнды «Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын балансына алууга жана документтерин мыйзамдуу тактоого, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнө демөөрчүлөр жана айыл өкмөтүнүн «Өнүктүрүү фонду» тарабынан келген дан жыйноочу үч комбайнды «Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын балансына алынсын;
2. Айыл чарба техникаларынын документтерин мыйзамдуу тактоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Сыдыгалиевге, «Өнүктүрүү фондунун» төрагасы Алымбаев Тойчубекке милдеттендирилсин.
3. Келишим боюнча экинчи тарап алып келген техникалардын документерин кечиктирсе мыйзам чегинде сот аркылуу териштирүү жагы эскертилсин.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эки тараптуу келишим түзүү жагы «Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын жетекчиси Р. Миназаровго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Турганалиев |