Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясынын
2021-жылдын 18-августу № 5/4
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Кызматташтык жөнүндө макулдашуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун «Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү» программасынын алкагында Жерге-Тал айыл өкмөтү менен түзүлгөн Кызматташтык жөнүндө макулдашуусу бекитилсин.
2.Жогорудагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн аракеттерди көрүү жана ишке ашыруу Жерге-Тал айыл өкмөт башчысы К.Сыдыгалиевге тапшырылсын.
Төрага | М. Турганалиев |