Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясы
2021-жылдын 18-августунун № 5/5
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жыл башына калган калдыктан бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы «Р.Өмүракунова» бала бакчасынын башчысы Апышова Дилбардын 2021-жылдын 17-августундагы жазган кайрылуусунда ремонт иштерине акча каражат керек болуп жаткандыктан жыл башындагы бала бакчага конфорка алуу үчүн каралган акча каражатын 3112 ст негизинде каралган 70 000 сомду (жетимиш миң сом) ремонт иштерине (септик ондоого, жана ашкана каражаттарын муздаткыч,конфорка ондоого, ашканага камыр жуурган аппарат, эт туурагыч, кесме кескич) алууга жылдырып берүүсүн карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жыл башына калган акча каражатынын сметасына өзгөртүү киргизилсин;
2.Акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык жылдырылып берилсин;
22154900-15400 сом(он беш мин торт жуз сом)
22211100–27500 сом(жыйырма жети мин беш жуз сом).
22221100-6100 сом(алты мин бир жуз сом)
31123290-21000 сом( жыйырма бир мин сом)
1.Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча бекитип берүү жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевке тапшырылсын.
2.Бул токтомдун аткаруу ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Турганалиев |