Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-чакырылыштагы кезексиз 26-сессиясы
2021-жылдын 26 январындагы №3
Орток аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы
токтом кылат:
1.Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 2164,968 сомго бекитилсин.
2.Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттары 1666,8 төмөндөгүдөй статьяларга жумшалсын.
№ | Статья | Мазмуну | сумма |
1 | 2211 | Сапар чыгымдары | 77,0 |
2 | 2212 | Байланыш кызматы (интернет) | 28,8 |
3 | 2214 | Унаа менен тейлөө кызматы (бензин) | 70,0 |
4 | 2215 | Башка кызмат көрсөтүүгө акы төлөө | 553,5 |
5 | 2221 | Жабдуларды жана шаймандарда учурдагы ондоо | 45,0 |
6 | 2222 | Учурдагы чарбачылык максаттар | 75,0 |
7 | 3111 | Курулмаларды капиталдык оңдоо | 697,5 |
8 | 3112 | Компьютер сатып алуу | 120,0 |
Баары | 1666,8 | ||
3.Акча каражаттарын которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.
4.Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | К.Субанбеков |